Атамбаевдин чет жакка чыгып дарылануусуна сот уруксат берди
RU

Атамбаевдин чет жакка чыгып дарылануусуна сот уруксат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Атамбаевге чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди. Тиешелүү чечимди бүгүн, 14-февралда Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-февралда Жогорку Соттун судьясы Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүнү соттон суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10331