Кыргызстанда 55 жуп Сүйүү күнүндө никелешти
RU

Кыргызстанда 55 жуп Сүйүү күнүндө никелешти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда Сүйүү күнүндө 55 жуп расмий никелешти. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Такталгандай, 14-февралда Бишкектеги Бакыт үйүндө 9 жуп никесин каттатты. Ал эми калган райондордо 10 түгөй расмий түрдө никелешти.

Баткен облусунда нике каттоого 8 арыз, Жалал-Абад облусунда 5, Нарын облусунда 3, Ош облусунда 14, Талас облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 5 арыз берилген.

Жашоого жаңы кадам таштаган бардык жаңы үйлөнгөн жубайларды куттуктап, жаркын жана бактылуу жашоону каалайбыз.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10337