Ошто арматура менен сабалган жаран эсине келди
RU

Ошто арматура менен сабалган жаран эсине келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 13-январга караган түнү катуу сабалып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн жаран эсине келди.

ИИмдин маалыматына ылайык, жабырлануучу 1995-жылы туулган Н.М., уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. Ал мурда опузалап талап кылуу, денеге анча оор эмес залал келтирүү, тоноо жана ээнбаштык менен соттолгон.

Белгилсек, 13-январга караган Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ур-токмокко алынып, бирөө каза болгон. Маркум Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1993-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну. ИИМдин маалыматы боюнча, мурда каракчылык жана денеге оор залал келтирүү боюнча кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жообуна тартылган. Андан сырткары ал баңгизаттарды сатуу фактысына катыштыгы бар делинип, тергөө амалдары жүрүп жаткан.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жогорудагы окуя эки кылмыштуу топтун ортосунда чыкканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9944