Алмазбек Атамбаев Дубайга учуп кетти
RU

Алмазбек Атамбаев Дубайга учуп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Абактан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Дубайга учуп кетти. Маалыматты Kaktus.media сайтына анын жакындары билдиришти.

Маалым болгондой, Атамбаев бүгүн, 15-февралда таңкы саат 05:00дө учту. Андан ары Испанияга кетет. Аны менен кошо уулу Кадыр Атамбаев дагы кетти.

Белгилей кетсек, 13-февралда Жогорку Соттун судьясы Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды.

Бүгүн, 14-февралда Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет жакка чыгып дарылануусуна уруксат берди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүнү соттон суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10345