Алмазбек Атамбаев бир кезде сотко берген ЖМКга ыраазы экенин айтты
RU

Алмазбек Атамбаев бир кезде сотко берген ЖМКга ыраазы экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы 27-колониядан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Атамбаев санаалаштарына, жактоочуларына жана анын кылмыш ишин чагылдырган редакцияга өзгөчө ыраазычылык билдирди.

"Мен биздин журналисттерге ыраазымын. Жалпысынан бардыгы объективдүү чагылдырылганын билем, анын ичинде ошол кезде мен сотко берген ЖМКга да. Мен журналисттерге, редакцияларга ыраазымын. Сөз эркиндиги болушу керек. Мен ошол убакта чоң ката кетирдим деп ойлойм. Сотко арыз жазганда мен президент экенимди эске алган эмесмин. Президенттер журналисттерди сотко бербеши керек, анткени биздин соттор күчтүүлөрдүн пайдасына чечим чыгарат", - деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, 13-февралда Жогорку Соттун судьясы Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаевдин өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарды.

Бүгүн, 14-февралда Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет жакка чыгып дарылануусуна уруксат берди.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүүнү соттон суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10338