Кылмыштуу топтун ишин жаап-жашыруу. Кызматтан алынган милиция жаңы кызматка ээ болду
RU

Кылмыштуу топтун ишин жаап-жашыруу. Кызматтан алынган милиция жаңы кызматка ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында эле ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматынан бошотулган Нарын облусу боюнча кылмыш иликтөө башкармалыгынын (КБК) башчысы Алмаз Усеналиев кызматка ээ болуп, Ош облусуна которулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 15-февралда милициянын полковниги Алмаз Усеналиев Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун кылмыш ишин жаап-жашырган факты боюнча 22 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганын ИИМдин басма сөз кызматы расмий тараткан. Алардын арасында Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Усеналиев да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10352