Сабакка күчүк алып барган окуучунун мугалими кечирим сурады
RU

Сабакка күчүк алып барган окуучунун мугалими кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда 4-класстын окуучусу сабакка күчүктү салып барганы үчүн мугалимден жеме уккан. Бүгүн, 17-февралда окуучусун урушкан эжей коомчулуктан кечирим сурады.

Айтымында, ал эмоцияга алдырып жиберген.

"Окуучуну тартипке чакырып жатып эмоцияга катуу алдырып койдум. Ошол үчүн кыргыз элимден кечирим сурайм. Жакшы ойдо баланы тартипке чакырайын дегем. Мындай көрүнүштөр болуп келгендиктен, кайталанбасын деген максатта урушуп койгом. Окуучудан да кечирим сурайм", - деди ал.

Эске салсак, социалдык тармактарда 4-класстын окуучусу күчүктү баштыкка салып сабакка алып барган видео тараган. Аны көргөн мугалим баланы окуудан чыгарам деп коркуткан. Кийинчерээк муалимге катуу сөгүш жарыяланып, мектеп директору менен социалдык педагогго эскертүү берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10378