Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
RU

Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 5 тилкеге кар көчкү түшүп, жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу бүгүн, 17-февралынан тартып Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда кар көчкүнү тазалоо иштерине 5 куткаруучу, 2 офицер, 2 чатыр, 3 кап көмүр, отун менен тартылган.

Жеринде жылынуучу пункт уюштурулуп жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак аш берилүүдө. Ошондой эле жылынуучу пункт Кочкор районунун Тендик айылында уюштурулган.

Мындан сырткары жогору аталган унаа жолдун Сары-Булак жана Кара-Үңкүр тилкесинде (265 жана 314 чакырымындары) ЖКККБ тарабынан жана "Тез жардам" кызматынан 2 бригада нөөмөт алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10380