Оштогу филармонияга жаңы жетекчи дайындалды
RU

Оштогу филармонияга жаңы жетекчи дайындалды

Все самое интересное в Telegram

Ырчы Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, бүгүн, 20-февралда Алишер Тоотаев Ош облустук филармониясынын директору кызматына дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Кыскача өмүр баяны:

  • Алишер Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган.
  • Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучу, оркестр артисти багытында жана Кыргыз-Өзбек университетинин экономика багытында билим алган.
  • Ош облустук филармониясында солист, "Долбоор" акционердик коомунда музыкант, "ЭлТР" телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап "Жигиттер" фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген.
  • "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10404