Кыргызстанда айына 66 миң сомдон жогору маяна алган кызматкерлердин саны айтылды
RU

Кыргызстанда айына 66 миң сомдон жогору маяна алган кызматкерлердин саны айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 20 миңдей адам айына 66 миң сомдон жогору айлык акы алышат. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин жылдык изилдөөсүндө айтылат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 240 миңден ашуун адам же кызматкерлердин дээрлик жарымы (49%) айына 22 миң сомдон 66 00 миң сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

20 миңге жакын адам же жалпы жумушчулардын 4%ы бир айда 66 миң сомдон ашык маяна алышкан. Ошол эле убакта 19 миңден ашуун адам (4%) айына 6 600 сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы алышкан.

Белгилесек, кызматкерлердин маянасынын өлчөмү боюнча дифференциациясын мүнөздөгөн маалыматтарды алуу үчүн Улутстатком жылына бир жолу ири жана орто ишканаларга, ошондой эле республиканын экономикалык ишмердиктин бардык түрүндөгү жана менчик формаларындагы уюмдарга изилдөө жүргүзөт.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10418