Жумушка себепсиз келбеген Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы кыркылат
RU

Жумушка себепсиз келбеген Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы кыркылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишке себепсиз, жүйөсүз келбеген Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы кармалат. Бул туурасында парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйында айтты.

Ал ушул аптадан баштап Жогорку Кеңеште тартип орнотууга көңүл бурула баштай турганын белгиледи.

"Тартипти өзүбүздөн баштайбыз, урматтуу депутаттар. Кечирип коёсуздар, каттоодон өтүп коюп, жүйөлүү себеби жок ишке келбей жүргөн депутаттар бар. Ушуларды эске алып, Эмгек кодексине ылайык, 8 сааттык иш графигин текшеребиз. Эгерде жүйөлү себеби жок, ар кандай шылтоолорду айткандар болсо мыйзам чегинде эмгек акысынан кармап калабыз", - деп эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9295