Чет элдик жаранды пранкка салган блогер кечирим сурады
RU

Чет элдик жаранды пранкка салган блогер кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте чет элдик жаранга тийишип, аны тамашага салмакчы болгон блогер коомчулуктан кечирим сурады. Ал видео 18-февралда тартылганын айтып буларга токтолду.

"Чет элдик жаранды тарткан видеом коомчулукта терс пикир жаратты. Ошол үчүн кечирим сурайм. Андан башка да жаман пранктарым болсо кыргыз элинен кечирим сурайм. Экинчи кайталанбайт, Кудай буюрса. Чет элдик жарандын оорулуу экенин билген эмесмин. Антпесе тартпайт болчумун, жакын да жоломок эмесмин", - деди ал.

Буга чейин, тагыраагы, 22-февралда социалдык тармактарда блогер жосунсуз кылыгы менен чет элдик жаранды пранкка салган. Анын тамашасы социалдык тармактарда нааразычылык жаратып, аны жоопко тартуу талабы коюлган. Ошол эле күнү блогер кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10470