Кыргызстандын элчиси Франциядан өлкөнүн карызын кечүүнү суранды
RU

Кыргызстандын элчиси Франциядан өлкөнүн карызын кечүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын элчиси Францияга экодолбоорлордун ордуна Кыргыстандын алдындагы карыздарды кечүүсүн суранды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Белгиленгендей, 22-февралда Парижде элчи Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Фредерико Мондолини менен жолугушту. Анда кыргыз-француз эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды.

Франциянын дүйнөнүн климатын жана экологиясын жакшыртуу аракетин эске алуу менен кыргыз элчиси экологияны жана жашыл экономиканы сактоо боюнча долбоорлордун ордуна тышкы карызды кечүү маселесин кароону сунуштады.

Элчи Садык Шер-Нияз ошондой эле президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган 2022-жылды Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо боюнча БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясын биргелешип демилгелөө чечими үчүн француз тарапка ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Борбор Азиядагы азыркы кырдаал боюнча пикир алмашып, аймактык коопсуздук көйгөйлөрү тууралуу сүйлөшкөн тараптар Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин ырасташты.

Эске салсак, январь айында президент Садыр Жапаров эл аралык каржы уюмдарына жана Кыргыз Республикасы насыя алган өлкөлөргө жашыл долбоорлорду ишке ашыруу үчүн карыздарды кечүү сунушу менен кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10472