Акылбек Жапаров Баткенде салынып жаткан үйлөрдүн сапатын текшерет
RU

Акылбек Жапаров Баткенде салынып жаткан үйлөрдүн сапатын текшерет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Баткен облусунда жүрөт. Ал салынып жаткан турак үйлөдүн сапаты менен таанышат дешет министрлер кабинетинен.

Белгилесек, 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган каргашалуу окуядан 418 үй жарактан чыккан. Анын ичинде Баткен районунда – 317, Лейлек районунда – 100 жана Баткен шаарында 1 турак жай талкаланган.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10483