Жапаров Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча: "Министрлер облуска барып маселени чечишет"
RU

Жапаров Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча: "Министрлер облуска барып маселени чечишет"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйында президентинин Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаков курулуп жатан үйлөр боюнча маалымат берди. Ага ылайык, учурда 415 объектте курулуш иштери жүрүүдө. Анын ичинен 273 объектиде - дубал тургузуу, 95 объектиде плиталар коюлуп, 36 объектиде - чатыр жабуу, ал эми 11 объектиде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Акылбек Жапаров дээрлик 3 айдан бери үйлөрдүн курулушу аяктабай жатканына нааразы болду.

"Бишкек шаарында 3 кабаттуу мектептер 3-4 айда курулуп бүттү. Жакында үчүнчү ай болот, ал эми үйлөр бүткөрүлө элек. Иштерди тездетүү керек. Эгерде маселе башкы планга тийиштүү болсо, анда документке тийиши бар кызматкерлерди иштен бошотуу керек. Ал эми маселе башкы планда болбосо, демек, маселе мурда берилген тапшырмалардын аткарылышында жатат. Тиешелүү органдар "уктап" жатса, министрлер Баткенге барып, жаңы жылга чейин иш алып барып, ушул маселелердин барын чечип беришет", - деди Жапаров.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга калыбына келтирүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Баткен облусун калыбына келтирүү жана калкка колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрүнө эскертүүлөр жана сөгүштөр берилди.

Бүгүнкү күндө:

  • Баткен облусу боюнча 3 миң 942 жаран үйлөрүнө кайтып келе элек.
  • Толугу менен күйүп кеткен, оңдоого муктаж үй ээлерине 149,6 млн сом компенсация төлөндү.
  • Негизги маселе – 420 үйдүн курулушу, анын ар биринин баасы 3,3 млн сомду түзөт.
  • Жалпысынан 298 насыя эсептен чыгарылып, насыя алуучулардан 474 арыз келип түшкөн жана алар боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9554