Президент Индияга жаңы дайындалган элчиге инвесторлорду тартууну тапшырды
RU

Президент Индияга жаңы дайындалган элчиге инвесторлорду тартууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-февралда Садыр Жапаров жаңы дайындалган Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин пдминистрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы бир катар конкреттүү милдеттерди коюп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жакшы саясий диалог түзүлгөнүн жана кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин белгиледи.

Жапаров Кыргызстанда потенциалдуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн эске алуу менен элчиге инвесторлорду тартуу боюнча дайыма активдүү иш алып барууну тапшырды.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов мамлекет башчысына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, индиялык тарап менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бул кызматтагы пландары тууралуу маалымат берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10491