Чүйдө бүгүн 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Чүйдө бүгүн 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун аймагында бүгүн, 25-февралда жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.

Сейсмология институту берген маалымат боюнча, саат 11:51де Сокулук районунун Кировское, Асылбаш, Шалта жана Москва районунун Садовое, Беловодск айылдарында 3 баллга чейин, Сокулук районунун Шопоков шаарында жана Москва районунун Петровка айылында 2 балган чейин жер титиреди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10503