Бакыт Төрөбаев уулунун үлпөт тоюн өткөрүүдө
RU

Бакыт Төрөбаев уулунун үлпөт тоюн өткөрүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Sheraton мейманканасында уулунун тоюн өткөрүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына бир нече өздүк булактар ырасташты.

Маалым болгондой, Бакыт Төрөбаев тун уулу Эмирди үйлөнтүп жатат. Келиндин аты Назгүл – анын ата-энеси тууралуу маалымат жеткиликтүү эмес, бирок кыздын чоң атасы бир убакта чоң кызматта иштеген.

Башка маалыматтар азырынча айтыла элек. Коноктордун арасында парламенттин учурдагы бир катар депутаттары, ар кайсы министрликтердин жана президенттик администрациянын жогорку кызматтагы өкүлдөрү бар.

Той учурунда конокторго уюлдук телефондорду же видеого тартуучу каражаттарды колдонууга тыюу салынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10516