Мындан ары паспорт жана акчаны Кыргызстан өзү басып чыгарат
RU

Мындан ары паспорт жана акчаны Кыргызстан өзү басып чыгарат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындан ары паспорт менен акчаны Кыргызстан өзү басып баштайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиев менен жолуккан учурда билдирди.

Эми улуттук акча менен паспортту "Учкун" басмаканасы чыгара баштайт.

"Учкун" басмаканасын бардык заманбап жабдыктар менен камсыз кылдык. Мындан ары бир дагы мамлекеттик кагаз (документ) жеке фирмада басылбашы керек. Бардыгы "Учкунда" жасалат. Эми, Кудай буйруса, келечекте акча басып чыгарабыз. Өзүбүз май айынан баштап паспорт басып чыгара баштайбыз. Буга чейин паспорттордун бланктарын, техникалык паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жеке фирмалар берип келген. Бул үчүн мамлекет 15 миллиард сом сарптап бирок өлкөгө салык түрүндө киреше түшпөй келген. Эми "Учкун" басып чыгарса 3 миллард сом мамлекетке каражат кайтарылат",-деди президент.

Белгилей кетсек буга чейин Кыргызстандын улуттук валютасын англис жана француз компаниялары жасап келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10518