Кыргызстандан долларды алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Чектөөнүн шарттары
RU

Кыргызстандан долларды алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Чектөөнүн шарттары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынан чет өлкөлүк валютаны накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалымдалгандай, бул чечим финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, төмөнкүдөй убактылуу тыюу салынды:

  • резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга накталай 5000 доллардан жогору;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 000 доллардан жогору сумманы алып чыгууга;
  • Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери накталай 10 000 доллардан жогору сумма алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 пайызы алынат.

УКМКнын Чек ара кызматына жана Мамлекеттик бажы кызматына накталай АКШ долларын алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9945