Египеттеги мелдеште кыргызстандык 4 балбан бири-бири менен күрөштү
RU

Египеттеги мелдеште кыргызстандык 4 балбан бири-бири менен күрөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Египетте өтүп жаткан эл аралык мелдеште эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмаз Сманбеков менен Бекзат Алмаз уулу 1/4 финалда күрөшүп, Бекзат Алмаз уулу 11:9 эсеп менен жарым финалга чыкты.

Ушул эле турнирде 70 кг салмак ченинде кыргызстандык эки балбан – Эрназар Акматалиев менен Орозобек Токтомамбетов менен күрөшүп, Эрназар Акматалиев финалга чыкты.

Буга чейин кыз-келиндер арасындагы күрөштө Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло байге алган.

Ал эми мырзалар арасында күч сынашкан кыргыз курамасынын мүчөлөрү бир күмүш, эки коло медалга ээ болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10523