Мамлекеттик ооруканалардагы томография бөлүмдөрү күнү-түнү иштейт
RU

Мамлекеттик ооруканалардагы томография бөлүмдөрү күнү-түнү иштейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарында орнотулган компьютердик томография сканерлери күнү-түнү иштөөгө өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Мындан тышкары саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине диагностикалык кызматтардын баасын 1,5 миң сомдон жогору белгилөө маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

"Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарындагы беш аймактык бириккен ооруканаларда компьютердик томографтар иштейт. Үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк банктын "COVID-19га өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү" жана "Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу ERIK-CERC" долбоорлорунун алкагында эки ядролук магниттик-резонанстык томографтарды жана эки ангиографты алып келүү күтүлүүдө. Азия өнүктүрүү банкы аркылуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору аркылуу дагы компьютердик томографиялар келет",- деп айтылат маалыматта.

Компьютердик томографиядан өтүүгө боло турган ооруканалардын даректери:

  • Ош облустар аралык бириккен ооруканасы - Ош шаары, Верхний Увам көчөсү, 1, телефон: 0555683344;

  • Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасы - Жалал-Абад ш., Пушкин көчөсү, 91, телефон: 0777502290;

  • Талас облустук бириккен ооруканасы - Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү, 1а, телефондор: 0700359223;

  • Нарын облустук бириккен ооруканасы - Нарын шаары, Качкынов көчөсү, 5, телефондор: 0706203021;

  • Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы - Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү, 2, телефондор: 0701960144; 0703465297.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10527