Республиканын бардык аймагына видеокамераларды орнотуу тапшырылды
RU

Республиканын бардык аймагына видеокамераларды орнотуу тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жарандардын коопсуздугу үчүн республиканын бардык аймагында видеокамераларды орнотууну тапшырды. Бул туурасында ал ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, облустук жана шаардык ички иштер органдарынын башчыларына онлайн кеңешмесинде айтты.

"Сырткы видеобайкоо жөнүндө" мыйзамы боюнча жер-жерлердеги ички иштер органдарынын жетекчилери, мыйзамдын алкагында иш алып барып, камераларды орнотуу боюнча аракет жүргүзбөй жатасыздар. Муну кемчилик катары белгилеп кетем", - деди министр.

Ошондой эле Улан Ниязбеков ички иштер органдарына төмөндөгүдөй тапшырмаларды койду:

  • Калк жыш жайгашкан шаарларга жана алардын айланасындагы мерчемдүү жерлерге видеокамераларды орнотуу колго алынсын. Анын ичинде жергиликтүү аймактык башкармалыктардын жетекчилери, үй комитеттери, мекеме ишканалардын, кафе, ресторан жана элди тейлеген түйүндөрдүн ээлери жана администраторлору менен сүйлөшүп, мыйзам менен жагдайды туура түшүндүрүп, видеокамераларды орнотууга карата иш алып барылсын;
  • Ири соода борборлоруна, базарларга, мал базарларга, эл көп чогулган аймактарга, алардын айланасындагы объектилерге видеокөзөмөл режимин киргизүү ишке ашырылсын;
  • Шаар, район жергесиндеги борбордук аянттарда, айыл аймактардагы чоң көчөлөрдө, мектептерде, бала-бакчаларда, транспорттор өткөн жерлерде, автобекеттерде, мамлекеттик маанидеги трассаларда, ички жолдордо аталган тутум биринчи кезекте ишке киргизилүүсү уюштурулсун;
  • Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгына - санарип тармагы элдин бейпил жашоосуна кам көрүү үчүн жасалып жаткан маанилүү кадам экендиги коомчулукка так жеткирип, ай сайын кайсы ички иштер органы канча жерге видеокамераларды орнотту, алардын Ички иштер министрлигине туташтырылгандыгынын аткарылышын көзөмөлгө алуу тапшырылды.

ИИМдин жетекчиси кылмыш катталгандан кийин анын кесепети менен күрөшпөй, алдын алуу чаралары күчөтүлсүн деген тапшырма коюлганын эске салып, кемчиликтер болсо кызматкерлердин жоопкерчилиги караларын белгиледи.

"Кылмыштардын бетин ачуу, сотко жөнөтүү, элдин турмуш-тиричилигине терс кесепетин тийгизген фактыларга бөгөт коюп, алдын алуу чараларын күчөтүү керек. Бети ачылбай калган бардык фактылардын тизмеси менде бар жана жеке көзөмөлүмдө турат. Кайсы жетекчи кандай иш-чараларды алып барды, кылмыш иши менен кимиси таанышып, көзөмөлгө койду деген талдоолор да бар. Ошондуктан бети ачылбаган кылмыштар боюнча 1-чейректин жыйынтыгы менен карап, иш алып барбаган жетекчилерге тартиптик чараларды колдонобуз", - дейт Улан Ниязбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10531