Депутат Индиядан келген ишкерлер үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштоодо
RU

Депутат Индиядан келген ишкерлер үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл өкүлү Дастан Бекешов Индиядан келген ишкерлер үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу депутат өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдирди.

Ал Индиядан келген ишкерлер үчүн кыска мөөнөттүү визасыз режим киргизүүгө болот деп эсептейт.

Айтымында, Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитет Индия менен келишимди карайт. Бул өз ара коргоого жана инвестицияны илгерилетүүгө тиешелүү.

Дастан Бекешев документтин алкагында Казакстандын, Өзбекстандын үлгүсү менен индиялык ишкерлер үчүн 7-10 күнгө визасыз режим киргизүү маселесин да кароо - жагымдуу шарттарды түзүп, өлкөгө капиталды тартууга жардам берет деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10542