Кыргыз жарандары эми Мальдив аралдарын визасыз кирип, 30 күн жүрө алышат
RU

Кыргыз жарандары эми Мальдив аралдарын визасыз кирип, 30 күн жүрө алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз жарандары эми Мальдив аралдарына визасыз кире алышат. Мындай маалымат Тышкы иштер министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Маалымдалгандай, министрлик туруктуу жана системалуу негизде Кыргыз жарандарынын чет мамлекеттерге визасыз каттамдарын кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Кыргыз жарандары үчүн визалык талаптар жокко чыгарылды, алар Мальдивге жалпы паспорт менен кирип, келишим күчүнө киргенден кийин бул өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат.

Учурда тиешелүү эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболор жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары:

  • Греция жана Таиланд менен 2 өкмөттөр аралык келишим (дипломаттык жана кызматтык паспорттор боюнча) кол коюуга даяр.
  • Бельгия, Нидерланды, Люксембург, Словакия, Египет (дипломаттык жана кызматтык паспорттор), Доминика (анын ичинде жалпы жарандык паспорт) 6 мамлекет менен 4 өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору активдүү иштелип чыгууда.

Визасыз режимди киргизүүнүн маанилүү талабы - биометрикалык паспорттордун болушу шарт. Кыргызстанда электрондук паспорттор 2021-жылы гана киргизилгендиктен, учурда бул багыттагы иштер кайра жанданганын кошумчалашты тышкы саясий ведомстводон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10179