Ош облусунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Ош облусунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, ал Ош облусунун аймагында да сезилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөө 28-февралга караган түнү 01:36да катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 балл, Эркештам жана Икизяк айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10548