Алты баллга жакын. Кыргызстанда түндө эки ирет жер титиреди
RU

Алты баллга жакын. Кыргызстанда түндө эки ирет жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 27-февралга караган түнү жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Каракол шаарынан 130 чакырым алыстыктагы Какшаал-Тоо кыркасына түшкөн.

"Ысык-Көл облусунун аймагында саат 03:42де (5.1 балл), экинчи жолу саат 05:58де (5.6 балл) жер силкинген. Жер титирөө Ак-Суу районунун Эчкили-Таш, Кең-Суу, Эңилчек, Кургак айылдарында 3,5 баллга жеткен", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыр тарткандар болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10524