Аялын жана 6 айлык баласын сабады деген киши СИЗОго киргизилди
RU

Аялын жана 6 айлык баласын сабады деген киши СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте аялы менен 6 айлык баласын сабаганга шектелген киши 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту 26-февралда кабыл алганын Бишкек шаардык сотунан Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Маалым болгондой, шектүү 25-апрелге чейин СИЗО-1де камакта болот.

Белгилей кетсек, 25-февралда бишкектик тургун К.К. үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Свердлов РИИБине арыз менен кайрылган. Келиндин айтымында, 24-февралда пикир келишпестиктен улам жолдошу денесине залал келтирген. Андан тышкары 2022-жылы туулган баласына да кол көтөргөнүн айткан.

Бул факты (кыйноо) каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1988-жылы туулган К.Д. кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10552