Кафе, ресторандарда кыргызча ыр, күүлөрдү коюу сунушталды
RU

Кафе, ресторандарда кыргызча ыр, күүлөрдү коюу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" парламенттик угууда журналист Сонунбүбү Кадырова кафе, ресторандарга кыргыз ырларын коюуну сунуштады.

"Ресторандарда, чайканаларда кыргыз музыкасы коюлса деген сунушту айтат элем. Мисалы иш убактысы саат 09:00дөн баштап саат 18:00гө чейин кайсы кафе, ресторанга кирбейли кыргыздын музыкалары, күүлөрү жаңырып турса дейбиз. Кечки саат 6дан кийин каалаган музыкаларын уга беришсин", - деди ал.

Ошондой эле географиялык аталыштар талуулуу маселе экенин, дыкат кароону белгиледи.

"Шаардагы ишкана, мекемелердин аталыштары англис тилинде, адамдардын тили келбейт. Борборду аралаганда Кыргызстан экени белгисиз болуп калат. Аталыштарды да түшүнүктүүрөк, кыргызга жакыныраак кылып тандап, көрнөк-жарнактарды дагы оңдошубуз керек", - деген оюн кошумчалады.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев сунушка макул экенин, экинчи окууда кабыл аларын айты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10559