"Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы арызы боюнча кезектеги отурум болду
RU

"Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы арызы боюнча кезектеги отурум болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Вечерний Бишкектин" Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча соттук отурум болду. Отурумга судья Жылдыз Сайдылдаева төрагалык кылды.

Доогер тарап "басылма 49 жылдан бери басылып келген" деген дооматынан баш тартты.

Аандан тышкары арыздануучу тарап жаңы жылдан кийин кагаз жана полиграфиялык кызматкерлердин жетишсиздигинен бир дагы гезит чыкпаганын моюнга алды. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мамлекетке карызы бар экенин моюнга алды. Бирок мүлкү камакка алынбаганын, анткени баары ижарага алынганын айтты.

Айыпталуучу тараптын жактоочусу сотко бардык карызы тууралуу маалымкаттарды берүүнү суранды.

Кийинки отурум 16-мартта саат 10:00дө болот.

Эске салсак, басылманын сотко доо арыз менен кайрылуусуна "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы боюнча макала себеп болгон. Жалпы доо - 50 миллион сом.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10570