Бишкекте өзүнө бензин чачып, өрт койгон киши каза болуп калды
RU

Бишкекте өзүнө бензин чачып, өрт койгон киши каза болуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бир күн мурда өзүн өрттөөгө аракет кылган киши ооруканда каза болду. Маалыматы Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

Белгилүү болгондой, бейтаптын алган жаракаттары оор болгондуктан ал түндө каза болгон.

Эске салсак, 28-февралда саат 16:00 чамасында Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде Руслан аттуу киши өзүн өрттөөгө аракет кылгын. Окуянын күбөлөрү өрттү өчүрүп, жабырлануучу "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.

Бишкектеги Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, жабырлануучунун денеси II-IV даражадагы 30% күйүк алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10583