Бишкекте эркек киши өзүнө бензин чачып, өрт койду. Окуянын жагдайлары айтылды
RU

Бишкекте эркек киши өзүнө бензин чачып, өрт койду. Окуянын жагдайлары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эркек киши өзүн өрттөөгө аракет кылды. Көчөдөн өтүп бара жаткандар өрттү өчүрүп, кишини сактап калышты. Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришкендей, киши баңгизатынын таасири менен өзүнө кол салган болушу мүмкүн.

Айтылгандай, окуя бүгүн, 28-февралда саат 16:00 чамасында Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Анда Руслан аттуу киши өзүнө бензин чачып, өрт койгон.

Окуяга күбө болгондор өрттү өчүрүшүп, "Тез жардам" кызматын чакырышкан.

Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез жардамдын кызматкерлери алып кетишти. Өзүнө өрт койгон киши жашоодон жана метадондон (дары) тажаганын айтып, кыйкырган. Алдын ала маалымат боюнча, киши өмүрүн кыймакчы болгон. Ал өзүнө өрт койгон учурда баңгизатынын таасири астында болгон деген божомол бар.

Бишкектеги "Тез жардам" кызматынын директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, жабырлануучу клиникалык ооруканага жеткирилди. "Бейтаптын денесинин 30 пайызы күйүк алган", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10571