1-апрелден баштап мектеп директорлорунун айлыгы жогорулайт
RU

1-апрелден баштап мектеп директорлорунун айлыгы жогорулайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Апрель айынан баштап мектеп директорлору жана окуу бөлүм башчыларынын айлыгы 50% көтөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламентте билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети 481 миллион сом бөлүп берген.

Каныбек Иманалиев директорлорго жаңы тажрыйба, башкарууну үйрөтө турчу чет элдик ыктыярчылар бар экенин айтты. Алардын катарында Гарвардды бүтүп келгендер бар. Болгону аким, айыл өкмөт башчылары жашоосуна шарт түзүп бериши керек дейт ал.

Белгилей кетсек, Иманалиев буга чейин мугалимдердин аброюн Баткендин чек арасын коргогондой коргошубуз керек деп билдирген. Ал муладимдерге "Кыргыз Эл баатыры" наам, үй жана акча каражаттары берилиши керек деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10589