Россиянын ӨКМсынын башчысы кыргызстандык куткаруучулардын эмгегин жогору баалады
RU

Россиянын ӨКМсынын башчысы кыргызстандык куткаруучулардын эмгегин жогору баалады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Түркияга барган кыргызстандык куткаруучулардын эмгегине жогорку баасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Кырсык болгондон 13 күн өткөндөн кийин кыргызстандык куткаруучулардын аракети менен 3 адам тирүү табылган. Муну керемет көрүнүш катары түшүнсөк болот", - деди Александр Куренков.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россиянын Жарандык коргонуу иштери, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков менен жолугушкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн куткаруу ведомстволорунун өз ара аракеттенүүсү, өзгөчө кырдаалдарда, биринчи кезекте табигый кырсыктарда аракеттерди координациялоо маселелери талкууланган.

Акылбек Жапаров эки өлкө ведомстволорунун кызматташуусу улам жакшырып бара жатканына токтолсо, Куренков Кыргызстан Россиянын маанилүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин белгилеген.

Эске салсак, 1-мартта Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 40 техника берди.

Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Түркияда эки жума бою издөө-куткаруу иштерин аткарышты. Бул убакыт аралыгында 8 тирүү адамды, 200гө жакын адамдын сөөгүн таап чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10590