Россия Кыргызстан үчүн тик учак чыгарышы мүмкүн
RU

Россия Кыргызстан үчүн тик учак чыгарышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Кыргызстан үчүн күз айларында тик учак чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу журналисттерге Россиянын президенттик администрациянын Аймактар аралык жана маданий байланыш боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов билдирди.

Ал Кыргызстанга берилген 40 өрт өчүрүүчү унаа эки өлкөнүн президенттеринин чечими менен аткарылып жаткан программанын башталышы гана экенин белгиледи.

Тик учак болжол менен ноябрь айында жасалып бүтөт. Тик учак өтө бийик жерлерде куткаруу иштерин жүргүзүүгө ылайыкталат деди Маслов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10591