Бишкекте тез жардамчыларга кол салганга шектүү колго түшүрүлдү
RU

Бишкекте тез жардамчыларга кол салганга шектүү колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Тез жардамдын" кызматкерлерине кол салууга шектелген жигит колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, 27-январда Д.К. аттуу жаран райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Ал Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилишиндеги коомдук тамактануучу жайда белгисиз жаран мушташ чыгарып, медицина кызматкеринин чемоданын зыянга учуратканын айткан.

Тергөө кызматы "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган И.М. кармалды. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, 27-январда "Инлаваш" кафесине "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Анда эс-учун жоготкон кишиге жардам көрсөтүү учурунда коноктордун бири тоскоол болуп, доктурду кемсинтип, арачага түшкөн тамактануучу жайдын кызматкерин көтөрүп чапкан. Анын кесептинен фельдшердин чемоданы жараксыз болуп калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10599