ККМге каршы митингге чыккандар Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылышууда (видео)
RU

ККМге каршы митингге чыккандар Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылышууда (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-мартта Бишкектин Горький сейил багында соодагерлердин кассалык аппараттарды (ККМ) орнотууга каршы, ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго каршы митинги өтүп жатат.

Митингге 500дөй адам чогулду. Алар Акылбек Жапаровдун жаңычылдыгына нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин контролдук-кассалык машиналарды колдонуудан бошотулган ишмердүүлүктүн тизмеси кеңейтилгени айтылган. Тизмеге төмөнкүлөр кирген:

  • гезит күркөлөрүндө алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын кошпогондо, гезиттерди жана журналдарды сатуу;
  • гүл чарба азыктарын, айыл чарба азыктарын, нан азыктарын, кол арабалар менен сатылган улуттук жана алкоголсуз суусундуктарды, көчмө дүкөнчө жана күркөлөрдү колдонуу менен чекене сатуу;
  • квасты, сүттү, алкоголсуз суусундуктарды жана улуттук суусундуктарды цистерналардан/бочкалардан чекене сатуу;
  • окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде коомдук тамактануу кызматтары.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10608