Боорунан жабыркап жаткан Рустам Сагыналиевге донор табыла элек
RU

Боорунан жабыркап жаткан Рустам Сагыналиевге донор табыла элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боорун алмаштырууга муктаж болуп жаткан ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиевге донор табыла элек. Мындай маалымат ырчынын досу, кесиптеши Чыңгыз Мырзаев тарабынан белгилүү болду.

"Рустам Сагыналиев Индияда болчу, Бишкекке келе жатат. Азырынча донор табыла элек", - деди Мырзаев.

Белгилесек, январь айында ырчы боор церрозунун оор түрү менен жабыркап жатканы, тез арада операция жасатуу зарылдыгы бар экени кабарланган. Ырчынын операциясына каражат чогултулуп, кайрымдуулук концерти өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10628