Чолпон-Атадагы президенттик мектеп демөөрчүлөрдүн каражаттарына курулууда
RU

Чолпон-Атадагы президенттик мектеп демөөрчүлөрдүн каражаттарына курулууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу жүрүп жатат. Садыр Жапаров жумушчу сапарынын алкагында мектептин курулушу менен таанышты.

Билим берүү жайы 220 окуучулук орунга ылайыкталган. Долбоорго ылайык, окуу жайдын окуучуларынын бир убакта билим алышы жана алардын ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, мектеп бардык заманбап стандарттарга жооп берип, анда окуучулардын жана мугалимдердин туруктуу жашоосу үчүн уктоочу бөлмөлөр, ар кандай окуу секциялары үчүн залдар жана башкалар болот. Курулуш Сочи жана Санкт-Петербургдагы россиялык мектептерге окшош болот. Мектеп демөөрчүлүк каражаттарды тартуу аркылуу курулуп жатат.

Мектеп сентябрь айына чейин даяр болуп, пайдаланууга берилиши керек.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров мындай мектеп ачыларын 25-февралда Каныбек Иманалиев менен жолугушуусунда айткан. Бул президенттин камкордугуна алынган алгачкы мектеп болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10630