Ысык-Көлдө президентке караштуу мектеп-гимназия ачылат. Кимдер билим алат?
RU

Ысык-Көлдө президентке караштуу мектеп-гимназия ачылат. Кимдер билим алат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунда президентке караштуу мектеп-гимназия ачылат. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн талантуу балдары билим алышат. Бул туурасында Садыр Жапаровдун билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда өлкө башчы менен министрдин милдтеин аткаруучу билим берүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулашып, Каныбек Иманалиев өнөрлүү балдардын мектебин ачууну сунуштады.

"Биздин эң алдыңкы мектептерибизде бай-бачалардын балдары билим алышат. Россияда Путин "Сириус" борборун ачкан. Бизде да жакыр үй-бүлөлөрдүн таланттуу балдары бар. 7-класстан кийин мектеп окуучулары үчүн президенттик гимназия ачылса жакшы болмок. Министрлер кабинетине тапшырма берип, Ысык-Көлдөн бир пансионатты алалы. Жайында балдар лагердегидей эс алышат, андан кийин бир жыл окушат. Баштоо үчүн 150 баланы тандап алабыз", - деген сунушун Иманалиев президентке кат жүзүндө жолдоду.

Президент бул ой ишке ашырылып жатканын белгиледи.

"Сизге дароо жооп берейин: Ысык-Көлдө 220 балага мындай билим берүү жайы курулуп жатат, 20 мугалим үчүн үйлөр жана балдар үчүн жатакана болот. Анда өлкөнүн бардык аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлордүн балдары окуп, жашайт. Мугалимдер да ошол жерде жыл бою жашап, балдарга кам көрүшөт", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10532