Чүйдө аял күйөөсүнөн токмок жеген. Сотто алар жарашып алышты
RU

Чүйдө аял күйөөсүнөн токмок жеген. Сотто алар жарашып алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун тургуну аялын ур-токмоктогон деп айыпталган. Тараптар жарашканына байланыштуу сот ишти кыскартты. Чечим Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөнү өзгөртүлдү.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ушул жылдын январь айында Улук аялы Зульфиянын башына, ичине жана сол бутуна үбөлүк менен уруп, тепкилеп залал келтирген. Экспертизанын корутундусуна ылайык, келиндин алган жаракаттары жеңил деп бааланган.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу кылмыш ишин токтотуу боюнча өтүнүч келтирип, айыпталуучуга моралдык жана материалдык доосу жоктугун түшүндүргөн. Айыпталуучу менен анын жактоочусу да кылмыш ишин токтотууну суранышкан.

Панфилов райондук соту тараптардын жарашуусун эске алып, кылмыш ишти токтотту.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10639