Эмгек сиңирген артист Болот Токтобаевдин кызы операцияга муктаж
RU

Эмгек сиңирген артист Болот Токтобаевдин кызы операцияга муктаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Болот Токтобаев кызынын операциясы үчүн элдин жардамына муктаж. Айтымында, кызы төрөлгөндө эле кулак кемтиги менен төрөлгөн, чет өлкөдө операция жасатуу зарыл болуп турат.

"Кызым Хадижа 2016-жылы сол кулак каналынын атрезиясы жана микротиясы (начар өрчүүсу же жоктугу), 3-4-даражадагы угуунун бузулушу диагнозу менен төрөлгөн. Дарыгерлер 3 жашында алып келгиле дешкен, 3 жашында алып барсак 6 жашында алып келгиле дешти. 6 жашында алып барсак операция жасатуу керек дейт. Кызым быйыл апрель айында 7 жашка чыгат. 5 жашынан бери: "Ата, кулагым качан өсөт? Сиз кышта, жазда, жайда өсөт деп убада бербедиңиз беле" деп тынчымды алып, жүрөгүмдү эзип келет. Колуңуздардан келишинче кызымдын операциясына жардам берүүңүздөрдү суранам", - деди ал.

Операция Түркияда жасалат, болжол менен 30 000 доллар каражат керек экен деп кошумчалады Токтобаев.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

  • Мбанк жана ЭЛСОМ: 0700 63 83 66;
  • Оптима банк: 4169 5853 5917 6566;
  • ЭЛКАРТ: 9417 0186 3519 2420;
  • СберБанк:4276 3801 8399 6540.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10686