Жардан кулап түшкөн кыз. Ош ИИБси кошумча маалымат берди
RU

Жардан кулап түшкөн кыз. Ош ИИБси кошумча маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районунун Төлөйкан айылындагы жардан кулап түшкөн кыз, өз өмүрүн кыюу аракетин көргөн. Ош ИИБси Kaktus.media'га болгон окуя тууралуу кошумча маалымат берди.

ИИБ берген маалыматка ылайык, бул окуя Кара-Суу РИИБсинин КЖБРине "Өзүн-өзү өлтүрүүгө чейин жеткирүү" 136-беренеси боюнча катталды.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, 26 жаштагы З.Т.Э. 25-мартта болжол менен саат 17:00до кулап түшүп, дароо каза болгонун аныктаган.

Ал Россиянын жараны, улуту кыргыз. 2020-жылдын май айында ОшМУнун дарылоо факультетинин 6-курсун бүтүргөн. Ал эми октябрь айында РФтин Тюмень облусунда жашаган ата-энесиникине кеткен.

Ошко 24-мартта Москва шаарынан учуп келген. З.Т.Э. турмушка чыга элек болчу.

Ал андан мурун жигити менен уруша кеткен, себеби анын үй-бүлөлүү экенин билип калган. Өз жанын кыюууга аракет кылып жаткан чоң кызды эс алууда жүргөн башка адамдар көрүп калган (алардын каза болгон кызга да, анын жигитине да эч кандай тиешеси жок болчу). Алар аны куткарууга далалаттанып, бул кадамды жасоодон алып калуу аракетин көрүшкөн. Видеодо кыздын артынан төрт аяктап жөргөлөп бараткан жигитти көрүүгө болот. Кыз ага орус тилинде "Отпустите мня!", деп кыйкырып, артка кетенчиктеп баратып, кокусунан кулап түшөт.

Ыкчам-тергөө тобуу окуя болгон жерди карап чыгып, тиешелүү экспертизаларды дайындады. Тергөө иши уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1068