"ПолитКлиника" менен ЭлТРдин тиреши. Телекомпания сотко жаңы доо арыз менен кайрылды
RU

"ПолитКлиника" менен ЭлТРдин тиреши. Телекомпания сотко жаңы доо арыз менен кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЭлТР телеканалы "ПолитКлиника" басылмасына каршы экинчи ирет сотко кайрылды. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына доогер – телеканалдын башкы директору Эрлан Догдурбеков тастыктады. "ПолитКлиниканын" жетекчиси Дилбар Алимова дагы экинчи доо арыздан кабардар экенин билдирди.

Алимова белгилегендей, буга чейин ЭлТР телеканалы Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылган. Бирок сот мамлекеттик төлөм жүргүзбөгөнү үчүн телеканалдын доосун четке каккан.

Ал эми Догдурбеков Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жазган доо арызы кароого кабыл алынганын билдирди.

"Датасы белгилене элек. Бирок биз талаптарыбыздан баш тартпайбыз", - деп баса белгиледи телеканалдын директору.

Буга чейин ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко кайрылып, 10 миллион сом доо койгон. Ошондой эле ЭлТР Маданият министрлигине арыз менен кайрылган. Министрлик ЭлТР телеканалынын "ПолитКлиника" сайтын жабуу өтүнүчү менен кайрылуусун четке каккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10699