ЭлТР "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко кайрылып, 10 миллион сом доо койду
RU

ЭлТР "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко кайрылып, 10 миллион сом доо койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы "ПолитКлиника" басылмасынын үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу "ПолитКлиниканын" жетекчиси Дилбар Алимова билдирет.

Анын айтымында, арызданууга 4-февралда "ПолитКлиниканын" социалдык тармактарга жарыялаган "ЭлТРдин "Садыр Жапаров энергоресурстар үчүн насыя алган эмес" деген билдирүүсү жалган" деген материалы себеп болгон. ЭлТР өз арызында "ПолитКлиника" бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтиргенин билдирген.

Компания "ПолитКлиника" аталган материалды соцтармактардан өчүрүүнү жана маалыматты төгүндөөнү талап кылат.

Алар соттон "ПолитКлиника" редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом өндүрүп берүүнү суранууда. Моралдык зыяндын ордун толтуруу катары жалпысынан 10 млн сом доо койду.

Сотко жеткирген сюжет тууралуу

31-январда ЭлТР энергетика көйгөйлөрү тууралуу сюжетти жарыялаган. Анда Кыргызстан энергетика тармагына алган насыялардын көлөмү салыштырылган. Сюжетте насыялар мурунку президенттердин тушунда алынганы, ал эми Садыр Жапаровдун тушунда Кыргызстан бир сом да албаганы көрсөтүлгөн.

"ПолитКлиника" басылмасы "Детектор" рубрикасында ачык булактардагы мамлекеттик органдардын маалыматы боюнча 2020-жылдын октябрынан тарта Кыргызстан гранттык жана кредиттик каражаттарды тартуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлганын, бул сумманын бир бөлүгү энергетика тармагын реформалоого каралганын жарыялаган.

"ПолитКлиниканын" журналисти "Садыр Жапаровдун тушунда энергетика тармагы бир сом да карыз алган жок" деген тезис чындыкка дал келбей турганын айткан

Бул сюжет "ПолитКлиника" сайтына жарыяланган эмес, бирок социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланган.

Кийинчерээк буга президенттик администрация реакция жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков 7-февралда Facebook баракчасына "ПолитКлиниканын" маалыматы чындыкка дал келбейт деген. Ал президенттик администрацияга Каржы, Энергетика министрликтеринин адистери жана "ПолитКлиниканын" өкүлдөрү чакырылганын, бирок журналисттер жолугушууга келбегенин айткан.

Ал эми "ПолитКлиника" басылмасы кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоосуна сотто жооп берип, өз ишин далилдөөгө даяр экенин билдиришти.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10399