Колу кесилген наристенин иши боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө
RU

Колу кесилген наристенин иши боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ымыркайдын колунун кесилиши боюнча милиция алдын ала текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, экспертизанын корутундусунан кийин кылмыш ишин козгоо боюнча чечим кабыл алынат.

Укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө ылайык, наристенин апасы райондук прокуратурага арыз менен кайрылган.

"Ал баласынын денесине ар нерсе чыгып, дене табы көтөрүлгөнүнөн улам ооруканага кайрылган. Токтогул райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө дарыгерлер наристенин колуна туура эмес ийне сайып, анын кесепетинен Бишкектеги балдар ооруканасында баласынын колу чыканагынан ылдый кесилген", - деген.

Прокуратура арызды райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн. 28-февралда бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки иш-чаралар башталган. Окуяга тиешеси бар дарыгерлер менен медайымдар күбө катары суракка алынып, баланын китепчеси алынган. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда бул фактыны Токтогул РИИБдин тергөө бөлүмү текшерип жатат.

Белгилей кетсек, окуя тууралуу журналист Баяна Кулова жазып чыккан. Ал Токтогулда дарыгерлердин шалаакылыгынынан наристе колунан ажыраганын, эч ким жоопко тартылбаганын айткан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдиришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10713