Депутат: Баткен районунун тургундары кыргыз-тажик чек арасын ачпоону суранышууда
RU

Депутат: Баткен районунун тургундары кыргыз-тажик чек арасын ачпоону суранышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунун тургундары кыргыз-тажик чек арасын ачпоону суранышууда, деп билдирди депутат Өмүрбек Бакиров парламентте.

"Мага облустун тургундары кайрылып жатышат. Жакында кыргыз-тажик чек арасы ачылып калышы мүмкүн деген маалыматка нааразы. Чек ара боюнча өкмөттүк делегациялардын комиссиялары иштеп жатат. Жарандар чек ара маселеси толук чечилмейинче чек араны ачпоону суранышууда. Министрлер кабинетине ушул маселени эске алууну суранам", -деди эл депутаты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Тажикстандын куралдуу агрессиясынын айынан 2022-жылдын сентябрында 63 адам курман болуп, Баткендин бир канча айылы, 400дөн ашуун турак-жай, имарттар жабыркаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10766