Үч күндөн кийин Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт
RU

Үч күндөн кийин Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-16-март күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу түзүлгөн эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев Kaktus.kg редакциясына билдирди.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектен бара турчу топтун курамын бекитти. Ал курамдын башына өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевди дайындалды.

Эске салсак, буга чейин 3-9-февраль күндөрү кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү Бишкекте өткөн.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Тажикстандын куралдуу агрессиясынын айынан 2022-жылдын сентябрында 63 адам курман болуп, Баткендин бир канча айылы, 400дөн ашуун турак-жай, имарттар жабыркаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10735