ЖККУнун штаб башчысы: Армения баш тарткан машыгуулар Кыргызстанда өтөт
RU

ЖККУнун штаб башчысы: Армения баш тарткан машыгуулар Кыргызстанда өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алгач Арменияда өткөрүлүшү пландалган Жааматтык коопсуздук кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн "Майтарылгыс боордоштук" машыгуусу Кыргызстанда өтөт. Бул туурасында 14-февралда Москвада өткөн маалымат жыйынында ЖККУнун биргелешкен штабынын башчысы Анатолий Сидоров билдирди деп маалымдайт РИА Новости.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн Коргоо министрлиги ЖККУнун бейпилдик контингенттеринин машыгуусун өткөрүү максатка ылайыксыздыгын билдирген. ЖККУнун биргелешкен штабы бул маалыматты алганын ырастап, ЖККУга мүчө башка мамлекеттердин аймагында машыгууларды өткөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда.

"Акыркы этапта Кыргыз Республикасынын аймагында ЖККУнун бейпилдик күчтөрү менен биргелешкен машыгууларды өткөрүү пландаштырылууда. Анда ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын пайдалануу менен жаңжалдардан кийинки милдеттер, кризистик аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча операциялар болот", - деген Сидоров.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан ЖККУнун "Майтарылгыс боордоштук – 2022" машыгуусун республиканын аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Коргоо министрлиги 2022-жылдын 9-октябрында билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10334