Ысык-Атада майрам күнү каракчылык кылган жаран 3 адамга кол салган
RU

Ысык-Атада майрам күнү каракчылык кылган жаран 3 адамга кол салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунда каракчылык жасоо учурунда үч адамдын өмүрүнө кол салуу болду. Шектүү жаран кармалды дешет Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан.

Белгилүү болгондой, 8-мартта Ысык-Ата РИИБине Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринде каракчылык болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине барган ыкчам топ окуянын жагдайларын аныктаган.

Анда 8-март күнү саат 20:00 чамасында 1967-жылы туулган Б.Н. аттуу жарандын үйүнө 20-25 жаш чамасындагы белгисиз жигит кирип, үй ээсине карата физикалык күч колдонуп, колу-бутун байлап, бычак менен бир нече жолу сайып, акча талап кылган. Бул учурда жабырлануучунун 1989-жылы туулган Ж.Н. аттуу келини кирип келген, кылмышкер ага карата дагы физикалык күч колдонуп, бычак менен коркутуп акча талап кылган. Ошол маалда кожойкенин (1986-жылы туулган Ж.Н.) уулу келип, кылмышкер экөөнүн ортосунда мушташ чыккан. Үйгө кирген жаран бычак менен коркутуп качып кетүүгө үлгүргөн.

Бул факты боюнча 207-берененин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1967-жылы туулган аял бычактан 6 жаракат алып,ал аймактык ооруканага жаткырылган, иш боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Ал эми каракчылык кылуу учурунда 153 800 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана Redmi Note 10 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ээлеп алганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында 1995-жылы туулган Т.Н. кылмышка шектелип кармалды. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10829